Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте 24 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстан менен Түркмѳнстан ишкерлеринин жолугушуусу болуп ѳттү
2015-жылдын 4-августунда Бишкекте 24 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстан менен Түркмѳнстан ишкерлеринин жолугушуусу болуп ѳттү. Бул бизнес-форум Түркмѳнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун биздин мамлекетке болгон расмий иш сапарынын алкагында уюштурулду.
Түркмѳн бизнес-делегациясынын курамына Түркмѳнстандын мамлекеттик товардык-сырьелук биржасынын, «Туркменэкспорт» мамлекеттик ишканасынын башчылары, о.э. фармацевтика, пахта ийрүү, нефть иштетүүчү, энергетика жана темир жол тармактарындагы ишканалардын жетекчилери, курулуш материалдарды, азык-түлүк продукцияларын, текстиль, жиптерди, пластмасса буюмдарын жана кондитердик азыктарын ѳндүрүүчүлѳрү кирди. Бизнес-делегацияны Түркмѳнстан Соода ѳнѳр-жай палатасынын Тѳрагасы жетектейт.
Бул иш-чарага зор маани берилет, себеби Форум эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы жаңы кызматташуунун түзүлүүсүнѳ, буга чейинки түзүлгѳн алакалардын андан ары ѳнүгүүсүнѳ демилге болот деген ишеним чоң.
Кыргызстан менен Түркмѳнстандын Президенттеринин катышуусунда эки мамлекеттин Соода-ѳнѳр жай палаталарынын ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳгү Меморандумга кол коюлушу дагы тараптардын ишкерлер чѳйрѳсүнүн байланышынын ѳнүгүүсүнѳ жакшы түрткү болот. Меморандумдун негизинде эки мамлекеттин Соода-ѳнѳр жай палаталары бизнес-түзүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен «Кыргызстан-Түркмѳнстан» Ишкерлер кеңешин түзүүгѳ ниеттенишүүдѳ. Ишкерлер кеңешинин негизги максаты тажрыйба жана тиешелүү маалымат менен алмашуу, соода жана бизнес-миссияларын уюштуруу жана башка иш-чаралар аркылуу Кыргызстан менен Түркмѳнстандын ишканаларынын жана ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын ѳнүгүүсүнѳ жана кеңейүүсүнѳ тиешелүү шарттарды түзүү болуп саналат.
Эки мамлекеттин учурдагы соода-экономикалык кызматташуусу Кыргызстан менен Түркмѳнстандын мүмкүнчүлүктѳрүн толук камтыбайт. КРнын Экономика министирлигинин маалыматында Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндѳ Түркмѳнстан 0,2%ды ээлейт. Кыргызстандын Түркмѳнстан менен болгон тышкы соода товар жүгүртүмү 2014 жылы 9,8 млн.АКШ долл. түзүп, 2013-жылга карата 46,3% ѳсүштү кѳрсѳттү. 2015-жылдын 4 айында эки мамлекеттин товар жүгүртүмү 3,3 млн.АКШ долл. түздү, бул 2014-жылдын 4 айына карата 30,4%га ѳсүштү кѳрсѳтѳт, анын ичинде экспорт 14,3%га тѳмѳндѳп, импорт 6,2 жолуга кѳбѳйдү. 2015-жылдын 4 ай аралыгында Түркмѳнстанга болгон экспорттун негизин электр лампалары, тетиктер жана башка автоунаанын майда бѳлүктѳрү (радиаторлор), жашылча-жемиштер (тѳѳ буурчак), авиакеросин түздү. Импорттун негизин түрлүү жаңгактар, пахта майы, булгаары чийки заттары (кожсырье) жана дайын текстиль буюмдары түздү.
Бул бизнес-форумдун уюштуруучусу КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасы кыргыз-түркмѳн ишкерлеринин мындай масштабдуу биринчи жолугушуусу эки мамлекеттин соода-экономикалык байланышынын ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымын кошот деген ишенимде.
Бардык маалыматтарга кайрылуу