биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте «Кыргызстан-Умбрия (Италия)» бизнес-форуму болуп ѳттү


Бишкекте 2015-жылдын 22 июлунда «Кыргызстан-Умбрия (Италия)» бизнес-форуму болуп ѳттү. Иш-чарага Италиянын Умбрия регионунан келген ишкерлер делегациясы жана кыргыз ишкерлери катышты.

Соңку жылдардагы эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы биринчи жолугушууга Италиянын Умбрия регионунун ишкерлери Кыргызстандын бизнес ѳкүлдѳрү менен кызматташуу багыттары, мамлекетибиздин аймагында келечекте биргелешкен ишканаларды ачуу маселелери боюнча кеңири жана конкреттүү сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүнү максат коюшуп, биздин ѳлкѳгѳ бизнес-миссия менен келип отурат. Ѳз кезегинде Италиянын бизнес ѳкүлдѳрү менен карым-катнаш түзүүгѳ 50дѳн ашуун кыргыз ишкерлери далалаттанышты. Атамекендик ишкерлер менен жолугушуудан тышкары Умбриялык делегация КРда бизнес жүргүзүү суроолору боюнча тиешелүү министирликтердин жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдѳ. 

Умбриялык ишкерлердин Кыргызстанга бизнес-миссия менен келиши Италиянын Милан шаарында ѳтүп жаткан Дүйнѳлүк ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасы десек болот. Умбрия регионунун ишкерлери ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүнѳ катышкан мамлекеттердин павильондорун кѳрүп жүрүп, кыргыз экспозициясына да кайрылышып, Кыргызстан жѳнүндѳ, мамлекетибиздин инвестициялык климаты, экономикалык мүмкүнчүлүктѳрү туурасында кенен маалымат алып, Кыргызстандык ишкерлер менен соода-сатык мамилелерди түзүүгѳ кызыкдар болушту. Ошондой эле кыргыз павильонунун ишмердүүлүгүнүн алкагында ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүндѳ   Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүндѳ Умбрия ишкерлери менен КРнын расмий делегациясынын башчысы КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Умбрия регионунун соода-экономикалык кызматташуусун түзүү жана ѳнүктүрүү маселелери талкууга алынган.

Бардык маалыматтарга кайрылуу