Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Эл аралык соодага кѳмѳктѳшүү боюнча Кытай Комитетинин (CCPIT) ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду
«Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Эл аралык соодага кѳмѳктѳшүү боюнча Кытай Комитетинин (CCPIT) ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду.
Документке КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын Президенти Марат Шаршекеев жана Эл аралык соодага кѳмѳктѳшүү боюнча Кытай Комитетинин Тѳрагасынын орун басары Лю Пенджи колдорун коюшту.
Макулдашуунун негизинде маалымат жана тажрыйба алмашуу, соода жана бизнес-миссияларын ж.б. перспективалуу стратегиялык долбоорлорго инветицияларды тартууга, Кыргызстан менен Кытайдын ишканаларынын ѳнѳктѳштүгүн ѳнүктүрүүгѳ жана кеңейтүүгѳ багытталган иш чаралар активдүү ѳткѳрүлүп турат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу