биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Форум


4-июлда Соода өнөр-жай палатасында кыргыз-түрк бизнес-форуму өттү.
Түркия Республикасынын Хатай шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана жеке ишкерлерден турган делегация ишкердүүлүк байланыштарын түзүү максатында Бишкекте 3-июлдан 5-июлга чейин болушат.
 
Кыргыз-түрк бизнес-форумунун алкагында Соода-өнөр жай палатасында эки өлкөнүн жеке ишкерлери кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Түркия Республикасынын Хатай шаарынын мэри Л. Саваш баш болгон жеке ишкерлердин делегациясы 5-июлга дейре Бишкекте болот.
Делегациянын курамында 16 компаниянын өкүлдөрү бар, алар ар кайсыл тармактардан: айыл-чарба, курулуш, туризм, тамак-аш өнөр-жайы ж.б.
Иш-чаранын ачылыш аземинде СӨПнын Президенти М. Шаршекеев катышуучуларды тосуп алып жатып, бул форум эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрү ортосунда кызматташууну бекемдөөдө маанилүү экенин белгилеп өттү.
 
Андан соң жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Искендерун шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Башкармалыгынын төрагасы Левент Хаккы Иылмаз айтып кетти.
 
Кыргыз тараптан конокторго Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы боюнча презентация тартууланды.
 
Форумдун соңунда катышуучулар түздөн-түз кызматташууну талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
 
Жалпысынан иш-чарага кыргыз тараптан 30дан ашык компания-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
  

 




Бардык маалыматтарга кайрылуу