Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Агро өнөр-жай комплексинде жеке ишкердүүлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайы Комитетинин биринчи отуруму
Бүгүн, 6-июлда КРнын Соода өнөр-жай палатасында Агро өнөр-жай комплексинде жеке ишкердүүлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайы Комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Иш-чараны Комитеттин жаңыдан шайланган Төрагасы жана “Жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун” Директорлор кеңешинин Төрагасы Руслан Тагаев ачты.
Ал белгилеп кеткендей, Комитеттин курамы чектелбейт жана бирикмеге кошулууну каалагандарга ачык болуп, улам толукталып турат. Бүгүнкү отурумда Комитеттин мүчөлөрү азык-түлүккө баалардын 70-80 %га чейин өсүп кетишин жана өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана сатып алуулар ортосунда баага баланстын жоктугун талкуулашты. Андан улам баалардын анализин жүргүзүп, аларды салык саясаты, калктын белгилүү катмарына жеңилдиктер, жарманкелер сыяктуу механизмдер аркылуу рыноктун бардык катышуучуларына ыңгайлуу болгон бир көрсөткүчкө алып келүү муктаждыгын белгиленди.
Отурумдун катышуучулары эң курч суроолордун жана артыкчылык берилген багыттарды бир ай ичинде аныктап, күздө чогулуп, талкуулоону чечишти.
Р. Тагаев кошумчалагандай, жумушчу топ квартал сайын же андан тез убакыт сайын жолугуп, отрумдардын жыйынтыктары менен өз сунуштарын Министрлер Кабинетине, Президенттин Аппаратына жана Айыл-чарба министрлигине жөнөтүп турат. Отурумдун жыйынтыгында катышуучулар Комитеттин 2021-жылга Жумушчу планын колдоого алып, КРнын СӨПын бирге чогулуу үчүн аянтчаны түзүп бергенине ыраазычылык билдиришти.
Бардык маалыматтарга кайрылуу