биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода өнөр-жай палатасы КРда туруктуу азык-тулук системалар боюнча Улуттук диалогго катышты


          8-июлда КРнын Соода өнөр-жай палатасы КРда туруктуу азык-түлүк системалар боюнча Улуттук диалогго катышты. Иш-чара 2021-ж. сентябрда өтүүчү БУУнун азык-түлүк системалар боюнча биринчи Саммитине карата даярдык болуп эсептелет.

       Бишкектеги Диалог Айыл-чарба, суу чарбасы жана региондорду өнүктүрүү министрлиги тарабынан Министрлер кабинетинин, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү жана эксперттердин катышуусу менен өттү.

         Сонуна чыгып калган “КРда туруктуу азык-түлүк системалар: инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жайылтуу жана климаттык өзгөрүүлөргө ынгайлашуу аркылуу” деп аталган Улуттук диалог өлкөдө туруктуу азык-түлүк системаларды жаратууга жана алардын 2030-жылга чейинки өнүгүшүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоого байланыштуу суроолорду талкуулоону максат кылат.

     Конокторго бардык облустарынын жаштары, бизнес-коомчулугу жана академиялык чөйрсү катышкан Бишкек жана Ош шаарларында өткөн субулуттук жана көз карандысыз диалогдордун жыйынтыктары тартууланды. Иш-чарага чакырылгандардын катарында СӨПнын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н. Катипова талкууга катышып, КРнын азык-тулүк системасынын абалы, анын өнугүшү жана маселелерди чечүүдө коом менен мамлекеттин ролу боюнча өз көз карашын билдирип кетти.

        Иш-чаранын жыйынтыгында Саммитке даярдык катары кийинки кадамдар аныкталды.

        Кошумчаласак, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гуттериштин демилгеси боюнча 2021-ж. сентябрда азык-түлүк системалар боюнча биринчи Саммит өтөт. Ал дүйнөдө азык-түлүкту өндүрүү жана керектөө ыкмаларын өзгөртүү боюнча жаңы эффективдүү чараларды аныктоо үчүн уюштурулууда. Өз кезегинде мунун максаты – туруктуу өнүгүүнүн 17 максаттарына (ТӨМ) жетүүдө прогрессти камсыздоо

        БУУнун маалыматында, ачарчылык күчөп жатанда жыл сайын дүйнөдө 1 млрд тоннадан ашык азык-түлүк таштандыга ыргытылат. Уюм азык-түлүктү өндүрүү жана керектөө моделин өзгөртүүнү, анын ичинде парник газдарын чыгарууну азайтууга чакырууда.



Бардык маалыматтарга кайрылуу