Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Мамлекет менен бизнестин ортосунда мамилени жакшыртуу” аттуу окуулар Ош шаарында өттү
24-25-июлда Соода өнөр-жай палатасынын долбоорунун алкагында “Мамлекет менен бизнестин ортосунда мамилени жакшыртуу” аттуу окуулар Ош шаарында өттү.
Эки күндүк иш-чара Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларынын бизнес-ассоциациялары, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле, жеке ишкерлеринин катышуусунда уюштурулду. Өз тажрыйбасы жана билимдери менен кесипкөй тренерлер: Мыктыбек Осмоналиев, Айжана Мадымарова жана Камчыбек Нарматов бөлүштү.
Бул окуулар “BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоорунун алкагындагы кезектеги иш-чара болуп калды. Ал Европа биримдигинин каржылык колдоосунда, Бельгиянын VOKA Антверпен-Ваасланд Соода өнөр-жай палатасы, Өзбекстандан «УЗТЕКТИЛЬПРОМ" ассоциациясы жана «Sequa» немистик консалтингдик компаниясы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Долбоордун максаты – Кыргызстандын түштүгүндө ишкердүүлүк чөйрөнү жакшыртуу жана жеке ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп эсептелет.
Бардык маалыматтарга кайрылуу