Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасында кыргызстандык жеке ишкерлер менен ЕАЭБдин алкагында товарларды санариптик маркирлөө боюнча россиялык эксперттин жолугушуусу өтүүдө
Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасында кыргызстандык жеке ишкерлер менен ЕАЭБдин алкагында товарларды санариптик маркирлөө боюнча россиялык эксперттин жолугушуусу өтүүдө.
Иш-чаранын уюштуруучусу – Соода өнөр-жай палатасынын мүчөсү “Новая норма компаниялар тобу”.
Жолугушууга алкоголдук, сүт тармактары, даары-дармек жана таза суу жаатындагы ишкерлер катышууда.
Алар алдында Саратов облусунун жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун өкүлү жана аталган облустун маркирлөөнү киргизүү боюнча оперативдүү штабынын мүчөсү Ю. Почтарев маалымат берүүдө.
Иш-чарада спикер товарларга байкоо салуу үчүн санариптик маркирлөөнүн өзгөчөлүктөрү жана аны жөнгө салуучу мыйзамдар, товарларды мүнөздөө процедурасы тууралуу айтып берди.
Практикалык бөлүктө катышуучуларга маркирленген товар менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берилет. Ал эми жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлер экспертке туздөн-түз кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда санариптик маркирлөөнү тестирлөө жана жайылтуу мезгили башталдыБардык маалыматтарга кайрылуу