биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанды 6-7-августта Түркмөнстанда өткөн эл аралык көргөзмөдө тааныштырды


Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанды 6-7-августта Түркмөнстанда өткөн эл аралык көргөзмөдө тааныштырды.
Борбордук Азиянын улуттук продукциясы жана улуттук тамак-аш фестивалы региондун өлкө башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Түркмөнбашы шаарында уюштурулду.

  
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркмөнстан, Казахстан, Өзбектсан, Тажикстандын лидерлери катышты.

Жогорку даражалуу коноктор алдында сүйлөп жатып, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Роман Касымов белгилеп кеткендей, экспозицияга катышып жаткан ата мекендик компаниялар түркмөн компаниялар жана бизнес менен кызматташууга даяр.
Кыргызстандын павильону машина куруу, инновация, текстиль жана тамак-аш тармактарынын өкүлдөрүнүн өндүрүмдөрүн тартуулады.

Көргөзмөнүн коноктору үчүн күн энергетика рыногу үчүн күн панелдери, кремний пластиналар, жарык диоддук лампалар, жылылуулук панелдери, медициналык жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн медициналык центрофугалар жана Кыргызстанда өндүрүүчү жөнгө салынып жаткан бульдозер көрсөтүлдү.
Текстиль сектору пахтаны өстүрүүдөң тартып аны кайра иштеп чыгуу жана даяр кийим-кечени тигип, токуууга чейинки процессти камтуучу компаниялар тарабынан тааныштырылды.

Бардык маалыматтарга кайрылуу