биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 19 ата мекендик компаниялар Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен Түркмөнбашы шаарында өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты


19 ата мекендик компаниялар Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен Түркмөнбашы шаарында өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты.   Борбордук Азияныны улуттук өндүрүмү жана улуттук тамак-аш фестивалы 6-7-августта региондун өлкө башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Түркмөнстанда уюуштурулду.

  

Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Роман Касымов билдиргендей, кыргызстандык компаниялар экономиканын 4 секторун тааныштырды: машина куруу, инновациялар, текстиль жана тамак-аш. Алар төмөнкүлөр:

1)            «Дастан» транс улуттук корпорациясы

2)            «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧКсы

3)            «Аква Сервис» ЖЧКсы

4)            «Нью Тек» ЖЧКсы

5)            «Бал Аары» ЖЧКсы

6)            “Электрофарфор” ЖЧКсы

7)            «Текстиль Транс» ЖЧКсы

8)            «Пейванд» ЖЧКсы

9)            «Лонг Стар» ЖЧКсы

10)         «Тан Дем» ЖЧКсы

11)         “Астра Солар” ЖЧКсы

12)         «Сталкер» ЖЧКсы

13)         «Айко Сейко» ЖЧКсы

14)         «Риха» ЖЧКсы

15)         «Одно Село Один Продукт» ассоциациясы

16)         «Ecomade» СМ

17)         «Эко флорис»

18)         «Империал Групп Компани»

19)         «АЮ» холдинги

     

Белгилеп кетсек, түркмөн компаниялар өзгөчө кызыгуусун ата мекендик ун өндүрүүчүлөргө, “АЮ” холдингинин макарон продуктуларына жана «Электрофарфор» ЖЧКсынын жылуулук батареяларына карата жаратты.

     

Жалпысынан көргөзмөнүн конокторуна Кыргызстан атынан күн панелдеринин үлгүлөрү,  күн энергетика рыногу үчүн кремний пластиналары, жарык диоддук лампалар, медициналык центрфугалар ж.б. көрсөтулдү.

   

Текстиль сектору пахтаны өстүрүүдөy тартып аны кайра иштеп чыгуу жана даяр кийим-кечени тигип, токуууга чейинки процессти камтуучу компаниялар тарабынан тааныштырылды.

 

Көргөзмөгө 5 өлкөнүн өндүрүүчү-компаниялары катышты: Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан.


Бардык маалыматтарга кайрылуу