биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 13-августта КРнын Соода-өнөр жай палатасында СӨПнын вице-президенти Элмира Батаева Уганда Республикасынын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира менен жолукту


Бүгүн, 13-августта КРнын Соода-өнөр жай палатасында СӨПнын вице-президенти Элмира Батаева Уганда Республикасынын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира менен жолукту.

 

Анын алкагында Элчи эки өлкөнүн жеке ишкерлери ортосунда соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү  ниетин билдирди. Мухаммад Тезикуба өнөктөш-өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылык бериле турган 4 багытын белгиледи: саясий суроолор, инвестициялар, соода жана туризм. Анын ичинде, бизнес-кызматташуунун алкагында Уганда органикалык кофе, айыл чарба өндүрүмү, мунай, газды жеткирүү жана туризмди сунуштайт.

 

Өз кезегинде Э. Батаева КРнын Соода-өнөр жай палатасы өлкөдө эң ири бизнес-ассоциация экенин белгилеп, анын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача токтолуп кетти. Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташуу боюнча Соода-өнөр жай палаталар ортосунда меморандум долбоорун түзүу мүмкүнчулугүн карап чыгууга макулдашты.

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу