Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 16-августта Соода-өнөр жай палатасында Алтайдан делегация менен кыргызстандык компаниялардын бизнес жолугушуусу өтүүдө
Бүгүн, 16-августта Соода-өнөр жай палатасында Алтайдан делегация менен кыргызстандык компаниялардын бизнес жолугушуусу өтүүдө. Иш-чаранын максаты- ишкердүүлүк кызматташууну жөнгө салуу жана өнөктөштөрдү табуу. Россиялык тараптын бизнес-миссиясы 19-августка чейин созулат.
Алтай (РФ) делегациясы менен бизнес-жолугушууга 20 кыргызстандык компаниялар катышууда. Иш-чара В2В форматындагы сүйлөшүүлөр түрүндө уланып жатат.
Россиялык тараптан 4 компания-ишканалар катышууда: "Торговый Дом Снабженец" ЖЧКсы (Калман нан өндүрүмдөр комбинаты), "Михайловский Мукомольный Комбинат" ЖЧКсы, "Сиболеум" АК жана "Норд" компаниясы. Бул компания-өндүрүүчүлөр ата мекендик өнөктөштөргө дандын түрлөрүн, ун, ашкактар түрлөрүн, ири мүйүздүү мал жана куштар үчүн жем-тоюттарды сунуштоого даяр.


Кошумчаласак, эртеңден тарта Алтайдан делегация Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен биргекызыктырган багыттар боюнча эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүү үчүн 2 күн бою кыргызстандык компанияларды кыдырат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу