Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бугүн, 17-августта Алтайдан делегация Соода-өнөр жай палатасынын колдоосунда кызыктырган багыттар боюнча кыргызстандык компанияларга барат.
Бугүн, 17-августта Алтайдан делегация Соода-өнөр жай палатасынын колдоосунда кызыктырган багыттар боюнча кыргызстандык компанияларга барат.
Россиялык тарап бизнес –өкүлчүлүктөрдү КРна болгон 3 күндүк сапарынын алкагында кыдырат. Иш-чаранын максаты – ишкердүүлүк байланыштарды жөнгө салып, эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүү болуп саналат.
Курамына 4 компанияны камтыган делегацияны биринчилерден болуп “Холдинг Аю” кабыл алды.
Аталган компаниянын жетекчилиги өз ишмердүулүгү тууралуу айтып беришип, кызматташууга даярдыгын билдиришти. Андан соң алтайлык өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларына токтолуп, тиешелүү сунуштарын беришти.
Алтай делегациянын кийинки жолугушуусу “Акун” ЖАОда болду. Соода-өнөр жай палатасы уюштурган сапардын негизги темасы буудай жана арпаны сатып алуу байланышты.
Ошол эле кезде кыргызстандык тарап белгилеп кеткендей, “Акун” өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында башка багыттарды дагы кароого даяр. Өз кезегинде СӨПнын өкүлү Т. Акулова кошумчалагандай, Соода-өнөр жай палатасы аркылуу чакырылган бардык компаниялар жана ишканалар ишенимдүү өнөктөштөр болуп эсептелет.
Бүгүн делегация ошондой эле “Аталык” холдингин жана “Продимпекс” компаниясына барышат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу