биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 18-августта Алтайдан (РФ) делегациянын бизнес-миссиясы соңуна чыгууда


Бүгүн, 18-августта Алтайдан (РФ) делегациянын бизнес-миссиясы соңуна чыгууда.

Жалпысынан Соода-өнөр жай палатасы уюштурган иш-чаранын алкагында россиялык тарап В2В форматында бизнес-форумду жана ата мекендик компания-ишканаларга алдын ала чакыруу боюнча эки күндүк бизнес-сапарды ишке ашырды.

 

 

 Биринчи күнү форумга 20га чукул бизнес өкүлдөр катышып, ун, дандын түрлөрү, ашкак, тоют-жем өндүрүүчү алтайлык компаниялардын жетекчилиги менен түздөн-түз сүйлөшүп, кызыктырган суроолорду талкуулап, сатып алуу шарттарын карап чыгышты.

 

 Андан соңку эки күнү россиялык өндүрүүчүлөдү өздөрүнө жолугуушуга чакыруу ниетин онго жакын кыргызстандык компаниялар билдирди. Алар Бишкек шаары жана Чүй облусундагы “Акун”, “Чабрец”, “Ак-куу”, “Форестер”, “Аю холдинги” ж.б.

 

 

Бардык кызыктар тараптар түздөн-түз жолугушуулардын алкагында продукция жеткирүүнүн шарттарын тар чөйрөдө карап чыгып, байланышуу үчүн маалымат алмашты.

 

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу