Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 2021-жылдын 24-августунан 30-августуна чейин КРнын Соода-өнөр жай палатасы Татарстандан (РФ) Кыргызстанга бизнес-миссияны уюштурууда
2021-жылдын 24-августунан 30-августуна чейин КРнын Соода-өнөр жай палатасы Татарстандан (РФ) Кыргызстанга бизнес-миссияны уюштурууда.
Россиялык тарап биздин өлкөдө ишкердүүлүк кызматташууну жөнгө салууга жана бизнес-байланыштарды бекемдөөгө кызыктар.
Делегациянын курамына курулуш, текстиль, айыл-чарба, металлургия, тоо-кен, мунай казуу тармактарынан компаниялар, ошондой эле, табигый тамак-аш, кир жуучу каражаттар, БАДдар, косметика ж.б. дистрибьютерлери кирди.
Иш-чаранын алкагында Татарстандан 20 компаниянын жетекчилери КРнын Инвестиция министрлиги, КРнын Экономика жана финансы министрлиги, КРнын Санариптик өнүктүрүу министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле, республикадагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушат.
Ал эми 27-августта Бишкектеги форумда татарстандык ишкерлер В2В форматында ата мекендик жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Форумга катышууга кызыктар ишкерлерди 61-38-76, 61-14-74 номурлар боюнча чалууну өтүнөбүз.
Бардык маалыматтарга кайрылуу