Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода –өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Индия менен соода-экономикалык байланышты өркүндөтүү үчүн бизнес-семинар уюштурду
Соода –өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Индия менен соода-экономикалык байланышты өркүндөтүү боюнча бизнес-семинар уюштурду.
Иш-чара 19-августта Индиянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри, Нарын облусундагы Президенттин ыйгарымдуу өкүлү С. Ашимбаев жана региондогу Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Б.Турсунбаевдин катышуусу менен өттү.
Агробизнеске арналган семинардын алкагында жергиликтүү өнүдүрүүчүлөр конокторго өз продукциясын тартуулап, индиялык тарапты сары май, булгаары териден кийим-кече, буюмдар жана пайдалуу чөптөр менен өзгөчө кызыктыра алды.
Облустун башычысы Сабыркул Ашимбаев Алок А. Дамрини Нарын регионунун экономикалык потенциалы тууралуу маалымдап, кызматташууга жана экспортту жөнгө салууга даярдыкты билдирди. Жолугушуу эки өлкөнүн маданий-билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу менен аяктады.
Бардык маалыматтарга кайрылуу