биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүң, 25-августта Бишкекте КРнын Соода-өнөр жай палатасында Татарстандын бизнес-делегациясы менен кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусу өттү


Бүгүң, 25-августта Бишкекте КРнын Соода-өнөр жай палатасында Татарстандын бизнес-делегациясы менен кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусу өттү
_____________________________________________________________________________________________________________________

  

Россиялык миссиянын курамына экономиканын ар кандай тармактарынан 20дан ашык компаниялар кирди: айыл чарба, өндүрүш жана курулуш жабдуулар, продукциянын сертификациясы, токой чарба, суу жана газ менен камсыздоо, металлургия жана тоо-кен, токой жана курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу, кир жуучу жана косметикалык каражаттар.

 

Татарстандын ишкерлери ата мекендик өнөктөштөр менен байланышты жөнгө салып, эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүүгө кызыктар.
Бугүнкү жолугушууга КРнын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Р. Касымов, КРнын СӨПнын вице-президенти Э. Батаева, “Татарстандын Соода-өнөр-жай палатасы” бирикмесинин төрагасынын орун басарлары Е. Агеева жана М. Ахматов, Каракол шаарынын мэри Т. Акимканов, Каракол шаардык кеңешинин төрайымы А. Алимова жана кыргызстандык компаниялардын: “Кулуке” ЖЧКсы, “Таштемир” ААКсы, “Аю фарм” ЖЧКсы, “Новая норма” компаниялар тобу, “Кортекс” ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

 

 

Иш-чаранын алкагында эки тараптан компаниялар өздөрүн тааныштырып, кызыктырган багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдиришти.

  

Белгилеп кетсек, россиялык тарап, ошондой эле, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен 27-августта Бишкекте өтө турган В2В форматындагы ири бизнес-форумга катышат.

  

Татарстан Республикасынын бизнес-миссиясы Кыргызстанда 30-августка дейре болот.

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу