биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте өткөн Кыргызстандын жана Татарстандан компанияларынын катышуусу менен бизнес-форумга 80ге жакын компаниялар катышты


Бишкекте өткөн Кыргызстандын жана Татарстандан компанияларынын катышуусу менен бизнес-форумга 80ге жакын компаниялар катышты
________________________________________________________________________________________________________



 
 
 

Россиялык тараптын Кыргызстанга болгон бизнес-миссиясынын алкагында уюштурулган иш-чара бүгүн, 27-августта болду.
Татарстандын делегациясынын курамына айыл жана токой чарба (экспорт/импорт), курулуш жана курулуш жабдуулары, кыймылсыз мүлк, тоо-кен жааты жана металлургия, газ жана суу менен камсыздоо, мунай продуктулары, машина куруу, даары-дармек тармагы, ижара жана жайларды башкаруу, сулуулук индустриясы жана гигиеналык, кир жуучу каражаттар тармактарынан 30га чукул компаниялар катышты.

 

 
Кыргыз тараптан форумга эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүүгө кызыктар 60га жакын компаниялардын өкүлдөрү келген.

 

 
Эске салсак, россиялык бизнес-миссия КРнын Соода-өнөр жай палатасы, “ТРнын СӨПсы” союзу жана КРнын мамлекеттик органдары менен биргеликте уюштурулган.

 

 
24-августта башталган Татарстан Республикасынын делегациясынын Кыргызстанга карай иш сапарынын программасында, ошондой эле, өлкөнүн туристтик-курорттук аймактарына баруу дагы каралган.

 
Бизнес-миссия 30-августта соңуна чыгат.

 

 

 
 
 

Бардык маалыматтарга кайрылуу