Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык делегацияны Венгрияда өтө турган ири бизнес-форумга даярдоодо
КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык делегацияны Венгрияда өтө турган ири бизнес-форумга даярдоодо. В2В форматындагы иш-чара 2021 –жылдын 23-сентябрында Будапеште өтөт.
Түрк тилдүү мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары жана ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форумду уюштуруу демилгеси Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанга таандык. Иш-чаранын башкы максаты – өлкө-мүчөлөрдүн жана байкоочулардын кеңири инвестициялык долбоорлордо мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү.
ТТМК Кеңеши, түрк тилдүү мамлекеттердин СӨПсы, Венгриянын экспортту алдыга жылдыруу агенттиги жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы алдын ала пикир алмашуунун жыйынтыгында, Түрк кеңешинин мамлекет-мүчөлөрүнөн 60 ишкерлерди чакыруу чечими кабыл алынды (ар бир өлкөдөн 12ден адам).
Жеке ишкерлер саламаттыкты сактоо, айыл жана суу чарбасы, тамак-аш өндүрүшү (ирригацияны кошкондо) ж.б. тармактардан болот.
Венгрия тараптан 40ка чукул компаниялар катышат. Алардын басымдуусу Венгриянын Алдыңкы экспортёрлор өнөктөштүгү программасынын мүчөлөрү болуп эсептелет.
Бардык маалыматтарга кайрылуу