биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 6-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Индиянын делегациясы менен бизнес-жолугушуу өттү


Бүгүн, 6-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Индиянын Экономикалык-соода уюмунун президенти Др. Асиф Икбал баштаган делегация менен кыргызстандык жеке ишкерлердин жолугушуусу өттү.

 

 

Делегацияны Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Р. Касымов, КРнын Индиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Асеин Исаев менен биргеликте кабыл алды.

 

10 чакты индиялык компаниялар катышкан иш-чаранын жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды. Анын ичинде, индиялык тарап унаа өндүрүшү үчүн жезди, кыргыз балын жана кургатылган мөмө-жемиштерди импорттоого кызыгуусун билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстандын билим берүү, медицина, тоо-кен, курулуш, мейманкана бизнеси, айыл-чарба тармактары, ошондой эле, АйТи жана киноиндустрия жаатына инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу даярдыгы белгиленди.

 

 

Жолугушуунун жыйынтыгы КРнын СӨП менен индиялык делегациянын ортосунда өз ара түшүнүшүу боюнча Меморандумга кол коюлду.

 

Кошумчаласак, тараптар эң жакынкы убакта Бишкекте В2В форматында кененирээк бизнес-форум өткөрүүгө макулдашды.



 


Бардык маалыматтарга кайрылуу