Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти ШКУнун конференциясына катышты
2021-ж. 6-сентябрында Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Касымов Р.П. “ШКУнун алкагында COVID-19 пандемиясынын шарттарындагы миграциялык процесстердин дүйнөлүк чакырыктары: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга катышты.


Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ишкердүүлүк кеңешинин Бизнес Форумунун алкагында Душанбе шаарында онлайн режиминде өттү.
Конференцияга мүчө-мамлекеттердин миграция боюнча ведомстволорунун башчылары, Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө миграциялык процесстердин аспектисинде коронавирус пандемиясынын шарттарындагы чакырыктар, аларды чечүүнүн жолдору жана бул багыттагы андан аркы иш-аракеттер талкууланды.
Бардык маалыматтарга кайрылуу