Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Түштүк-ЭКСПО 2021” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүн уюштурат
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Түштүк-ЭКСПО 2021” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүн уюштурат
____________________________________________________
____________________________________________________
Иш-чара түштүк борбордо 28-сентябрдан 30-сентябрга чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драмтеатрында өтөт.
Көргөзмөнүн максаты – экономиканын ар кандай секторунан ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен тааныштыруу, потенциалдуу өнөктөштөр менен бизнес-байланыштарды жөнгө салуу жана кызыктырган тармактар боюнча эки тараптан пайдалуу келишимдерди түзүү болуп эсептелет.
Күтүлгөндөй, анын ичинде иш-чарага Индиянын КРдагы Толук Ыгайрымдуу Элчиси Алок Амитабх Димри, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы А.А Рогов жана бийлик органдарынын, минстрлик, ведомстволордун өкулдөрү катышат.
Үч күндүк экспозициянын алкагында төмонкүлөр уюштурулат:
- Жогорку даражалуу чет элдик коноктордун, КРнын Президентинин региондордогу өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын презентациялары;
- “Региондордун интеграциясы жана өнүгүшү” аттуу бизнес-форум;
- Жеке ишкерлер ортосунда В2В жолугушуулар;
- Эл аралык туризм күнүнө арналган майрамдык программа, концерт
Кошумчаласак, “Түштүк ЭКСПО -2021” универсалдуу эл аралык көргөзмөсү 5-ирет өтөт.
Бардык маалыматтарга кайрылуу