Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кечээ, 14-сентябрда Жалал-Абад ш. “Мамлекеттик-жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0” (Кыргызстан-Өзбекстан) регионалдык конференциясынын биринчи күнү көшөгөсүн жапты
Кечээ, 14-сентябрда Жалал-Абад ш. “Мамлекеттик-жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0” (Кыргызстан-Өзбекстан) регионалдык конференциясынын биринчи күнү көшөгөсүн жапты
_______________________________________________________
Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чет элдик бизнес-эксперттер, эки мамлекеттен бизнес-ассоциациялар, анын ичинде КРнын Соода-өнөр жай палатасы, жеке ишкерлер катышты.

Конференциянын алкагында меймандарга жана катышуучуларга КРнын СӨПсы демилгелеген “BOOST” долбоору тартууланып, ишкердүүлүк боюнча чет элдик спикерлерди тартуу менен 3 пленардык отурум уюштурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстан жана Өзбекстандын компаниялары жана ассоциациялары ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.
Эске салсак, “BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоор КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан, Бельгиянын VOKA Антверпен-Ваасланд Соода өнөр-жай палатасы, Өзбекстандан «УЗТЕКСТИЛЬПРОМ" ассоциациясы жана «Sequa» немистик консалтингдик компаниясы менен тыгыз кызматташтыкта, Европа биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.
Бардык маалыматтарга кайрылуу