Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 15-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча комитеттин отуруму өттү
Бүгүн, 15-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча комитеттин отуруму өттү.
________________________________________________
Иш-чаранын башталышында Комитеттин жаңы мүчөлөрү менен таанышуу өтүп, учурдагы КОБдун көйгөйлүү маселелерин аныктап алуу сунушталды.
Анын ичинде, жолугушууда өндүрүш алдына жерулуштөрүн алуудагы кыйынчылыктар, жергиликтүү сырьенун тартыштыгы, чет элдик валютада кредит алуудагы өзгөчөлүктөр жана жаш адистерди чет өлкөгө стажировкаларага жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралды.


Отурумдун жыйынтыгы менен Комитеттин мүчөлөрү бул суроолорду КРнын СӨПнын башка тармактык Комитеттери менен карап чыгып, бергелип иштеп чыккан конкреттүү сунуштарды жана жыйынтыктарды КРнын Өкмөтүнө жөнөтүүнү чечишти.

Чет өлкөдө КРнын СӨПнын багыты менен стажировка өтүү боюнча сурамга карата Комитет мүчөлөрүнө тиешелүү маалымат берилди.

Бардык маалыматтарга кайрылуу