Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында “Мамлекеттик-жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0” (Кыргызстан- Өзбекстан) регионалдык конференциясы соңуна чыкты
Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында “Мамлекеттик-жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0” (Кыргызстан- Өзбекстан) регионалдык конференциясы соңуна чыкты
______________________________________________
Акыркы күнү эки тегерек стөл өткөрүлүп, анын катышуучулары “Нанай-Кербен” көзөмөл-өткөрүу пунктун ачуу жана Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда сооданы жакшыртуу суроолорун карап чыгышты.

Активдүү талкуудан кийин Андижан, Наманган, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Фергана облустарынын бизнес-өкүлдөрү бийлик органдарына жөнөтүү үчүн өз сунуштарын иштеп чыгышты.

Активдүү талкуудан кийин Андижан, Наманган, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Фергана облустарынын бизнес-өкүлдөрү бийлик органдарына жөнөтүү үчүн өз сунуштарын иштеп чыгышты.
Мындан тышкары, салттуу В2В форматындагы бизнес-жолугушуулар өтүп, ишкерлер потенциалдуу өнөктөштөр менен кызматташууну түздөн-түз талкуулап, керектүү байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Инвестиция жана финансы боюнча сессиялар уюштурулуп, эки мамлекеттин компаниялары ортосунда 5 меморандуга кол коюлду.

Конференциянын жыйынтыгы менен Кыргызстан-Өзбекстан чектеш бизнесин өнүктүрүү үчүн эл аралык борбор ачуу каралууда.


Жалпысынан, КРнын Соода-өнөр жай палатасы уюштурган бул конференцияга 30 компания жана 50гө жакын жеке ишкерлер катышты.


Бардык маалыматтарга кайрылуу