биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Сары-Өзөн 2021" Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкенин дээрлик бардык стенддери бош калган жок


"Сары-Өзөн 2021" Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкенин дээрлик бардык стенддери бош калган жок
______________________________________________________

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын «Кыргызэкспоборборунун» башчысы А.В. Савицкийдин айтымында, 2 миң чарчы метрге барабар жыл сайынкы экспозициянын аянты катышуучулар тараптан толук ээленди.
Иш-чара Бишкекте 2021-жылдын 10-ноябрынан 14-ноябрына чейин “Аю Гранд” СБда өтөт.
Көргөзмөнүн программасы бай болушу күтүлүүдө – анын алкагында ар кандай тематика боюнча бир катар адистешкен экспозициялар уюштурулат: “Агропродэкспо 2021”, “Туризм, спорт, эс алуу 2021”, “Эмерек 2021”, “Бал өндүрүмү 2021”.
Андан тышкары, көргөзмөгө удаа эле 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин “Алтын күз” элдик колдонуудагы товарлар жарманкеси өтүп, меймандар жаккан продукцияны өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз базар баасынан төмөн сатып алууга мүмкүнчүлүк алат.
А.В. Савицкий кошумчалагандай, коронавирус пандемиясынын натыйжасында кыйынчылык тарткан бизнести колдоо максатында, быйыл көргөзмөгө катышуу баасы төмөндөтүлдү.
Иш-чара Бишкек ш. мэриясы, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарымдуу өкүлүнүн аппараты жана Айыл чарба министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.
Меймандарга кирүү акысыз.

Бардык маалыматтарга кайрылуу