Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы “Мамлекеттик-жеке менчик диалогу. Ойгонуу 3.0. Кыргызстан – Өзбекистан)” регионалдык конференциясына катышат
КРнын Соода-өнөр жай палатасы “Мамлекеттик-жеке менчик диалогу. Ойгонуу 3.0. Кыргызстан – Өзбекистан)” регионалдык конференциясына катышат
_________________________________________________________
_________________________________________________________
Иш-чара 4-6-ноябрда Наманган шаарында (Өзбекистан) өтүп, 4 мамлекеттин СӨПнын өкүлдөрүн чогултат: Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Тажикстан. Мындан тышкары, бизнес-эксперттердин жана ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Конференциянын программасына ар кандай 3 темада пленардык сессиялар, тегерек стөл, практикалык семинарлар жана В2В форматындагы бизнес-жолугушуулар киргизилди. Иш-чара ишканаларды кыдыруу менен соңуна чыгат.


Эске салсак, бул конференция КРнын Соода-өнөр жай палатасы демилгелеп чыккан «BOOST – Өзбекстан жана Кыргызстанда бизнес менен уюмдар туруктуу иштейт” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоор Европа Биримдиги жана башка донорлор тарабынан колдоого алынган.
Буга чейин КРнын Соода-өнөр жай палатасы регионалдык конференцияны 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында өткөрүп, ага эки өлкөнүн 30 компаниясы жана 50гө жакын ишкерлери катышкан. 5 меморандумга кол коюлду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу