биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте Европа Биримдигинин жеке ишкерлери менен бизнес-форум өтөт


Бишкекте Европа Биримдигинин жеке ишкерлери менен бизнес-форум өтөт
___________________________

 

Иш-чара 5-ноябрда «Novotel» мейманканасында уюштурулат.

“Европа Биримдиги жана Борбордук Азия өлкөлөр ортосунда бизнес-кызматташтык” аттуу форум “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун алдында өткөрүлүүдө.

Иш-чарада жашыл экономиканын өнүгүшүнүн, креативдүү индустриянын мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле, биргелешкен кызматташуунун инвестициялык жана соода келечегин талкуулоо пландалып жатат. Дал ушул тармактар Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын жеке ишкерлери ортосунда байланыштарды бекемдөөнүн жолдору болуп эсептелет.

Программада В2В жолугушуулар (немис, австриялык жана венгердик ишкерлердин катышуусу менен), ошондой эле, экспозициялык жана туристтик көргөзмөлөр киргизилген.
КРнын СӨП мүчөлөрүнө иш-чарага катталуу үчүн маалымат таркатылды.

Бардык маалыматтарга кайрылуу