биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 4-ноябрда, КРнын Соода-өнөр жай палатасында жетекчилик менен Борбордук Азиядагы Герман экономикасынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Ховсеп Восканяндын жолугушуусу өттү


Бүгүн, 4-ноябрда, КРнын Соода-өнөр жай палатасында жетекчилик менен Борбордук Азиядагы Герман экономикасынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Ховсеп Восканяндын жолугушуусу өттү
________________________________________


    


Делегациянын курамына, ошондой эле, Германия Федеративдик Республиканын Элчисинин орун басары Давид Вестенфельдер жана немистик компаниянын өкүлү кирди. Миссияны КРнын СӨПнүн биринчи вице-президенти Роман Касымов тосуп алды.


 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Анын ичинде, Ховсеп Восканян Өкүлчүлүк жеке сектор менен иштеп, ошол эле убакта мамлекет тараптан колдоого ээ экенин айтып, мындай нерсе мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзгөнүн белгиледи. Восканяндын айтымында, немис жеке ишкерлери үчүн Кыргызстанда жакшы потенциал бар.  

 

Өз кезегинде Р.П. Касымов Өкүлчүлүктүн башчысын кызматташууга ыктаганы үчүн ыраазычылык билдирип, немис бизнес үчүн агрардык, гидроэнергетикалык, жашыл экономика тармактарын белгиледи. Мындан тышкары, айыл чарба техникасын жеткирүү жана тоо-кен жааты талкууланды.

 

Меймандар СӨП өткөргөн көргөзмөлөргө да кызыгуусун артты.

Жолугушуунун акырында тараптар кызматташууну андан ары өнүктүрүугө жана тиешелүү моморандумду жыл аягына чейин даярдоого макулдашты.

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу