Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте “Европа Биримдиги жана Борбордук Азия ортосунда бизнес-кызматташуу” аттуу ири бизнес-форум соңуна чыкты
Бишкекте “Европа Биримдиги жана Борбордук Азия ортосунда бизнес-кызматташуу” аттуу ири бизнес-форум соңуна чыкты
_____________________________
Иш-чара бүгүн, 5-ноябрда КРнын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын, ошондой эле, эл аралык жана ата мекендик уюмдардын, компаниялардын жетектөөчү курамынын катышуусу менен өттү.
Анын ичинде, меймандар алдында КРнын премьер-министринин орун басары Э.Байсалов, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто, Европа жана Франциянын БАгы экономикалык дипломатия боюнча тышкы иштер министринин атайы өкүлү Паскаль Лоро, Европалык калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын БА боюнча башкаруу директору Жужанна Харигтай ж.б. сөз сүйлөштү.
Бизнес-коомчулук тарабынан форумга 20га чукул немис, венгриялык жана австриялык компаниялар, ошондой эле, Кыргызстандын жеке ишкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында жашыл экономика, инвестициялар, АйТи технологиялар, креативдүү экономика, мода жана дизайн, эко жана органикалык агропродукция, билим берүү, туризм боюнча панелдүү дискуссиялар өттү.
Андан соң ЕБ жана БА жеке ишкерлерине эки тараптан пайдалуу кызматташууну түздөн-түз талкуулоо үчүн В2В жолугушууларды өткөрүүгө жана ишканаларды кыдырууга мүмкүнчүлүк берилди.
Форумдун жыйынтыгы менен бир катар меморандумдарга, келишимдерге кол коюлушу кутүлүүдө.
Эске салсак, иш-чара “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” аттуу Биринчи бишкектик экономикалык форумдун алкагында уюштурулду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу