Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте бүгүн, 10-ноябрда “Бишкек Сары-Өзөн 2021” көргөзмө-жарманкесинин расмий ачылышы өттү
Салтанаттуу иш-чарага расмий өкүлдөр, анын ичинде КРдагы Россия Федерациясынын соода өкүлчүлүгүнүн жана Бишкек ш. мэриясынын өкүлдөрү катышты.
Быйыл салттуу жарманкеге, ошондой эле, чет өлкөлүк - Бельгия, Алтай жана Кытайдан өндүрүүчүлөр катышууда.
Иш-чаранын алкагында кулинария боюнча чеберчилик-класстар жана суусундуктардын, ар кандай продукциянын дегустациясы өтүп жатат. Меймандарга товарлардын кеңири түрлөрү: экологиялык жактан таза бал, чай жана кийимден тартып, эмерек, инновациялык жылуулук шаймандарга чейин сунушталууда.
“Бишкек Сары-Өзөн 2021” көргөзмө-жарманкесинде быйыл бир катар жаңычылдыктар тартууланууда. Соода-өнөр жай палатасынын Кыргызэкспоборборунун директору А.Савицкий КТРК телеканалына берген маегинде билдиргендей, алгачкы ирет боз үй үчүн жасалган эмеректер коюлду. Мындан тышкары, меймандар колго жасалган жыгачтан оригиналдуу буюмдарды – шам чырактарды, ванна бөлмөлөрү үчүн кол жуучу идиштерди, чоподон идиш ж.б. көрө алышат.
А.Савицкий кошумчалагандай, жеке ишкерлерди колдоо максатында быйыл Соода-өнөр жай палатасы көргөзмөгө катышуу баасын төмөндөткөн, бул болсо өз кезегинде, товардын наркына оң таасир берүүдө.
КРнын Соода-өнөр жай палатасы уюштуруп жаткан иш-чара 21-ноябрга чейин созулат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу