биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын СӨПү ЖКнын отурумунда жарыяланган маалыматты четке кагуу боюнча МККга билдирүү таркатты.


КРнын СӨПү ЖКнын отурумунда жарыяланган маалыматты четке кагуу боюнча МККга билдирүү таркатты
______________________________


                                                                                                                                        Иллюстративдүү фото



КРнын Соода-өнөр жай палатасы маалымдайт: Санжар Абакиров КРнын СӨПнүн мүчөсү дагы, бир дагы Комитетинин башчысы дагы эмес.

Кечээ, 2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбооруна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөргөн. Отурумдун жүрүшүндө Санжар Абакировго сөз берилип жатып, аны “КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы” деп тааныштырышкан. 

Буга байланыштуу, КРнын Соода-өнөр жай палатасы билдирүү жасайт: Санжар Абакиров КРнын СӨПнүн Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы эмес жана эч качан төрагасы болгон эмес. Ал гана эмес, Санжар Абакиров Палатанын мүчөлүгүнө кирбейт.

Соода-өнөр жай палатасынын МЖӨ, инвестициялар жана чет элдик ишкердүүлүктү колдоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы бүгүнкү күндө «Лаза» ЖЧКсынын директору Годс Нахри Ануширован Хашем болуп эсептелет.

КРнын Соода-өнөр жай палатасы коомчулукту жаңылыштырууну алдын алуу максатында, СӨПтүн мүчөлөрү жана дегеле анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маалыматты жарыялоодон жана угузуудан мурда эң алды менен аны тактап алууга чакырат.

Бардык маалыматтарга кайрылуу