Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын BOOST аттуу долбоорунун алкагында жеке ишкер бизнесин өнүктүрүүгө белек алды
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын BOOST аттуу долбоорунун алкагында жеке ишкер бизнесин өнүктүрүүгө белек алды
_________________________________
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын BOOST аттуу долбоорунун алкагында жеке ишкер бизнесин өнүктүрүүгө белек алды.
Кезектеги бизнес-идеялардын сынагы Баткен облусунда 40тан ашуун жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен өттү. Натыйжада эң мыкты долбоордун ээси ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө тигүү машиналарын байгеге алды. Белгилеп кетсек, андан мурда катышуучулар 2 ай бою бизнес-окутуудан өтүшкөн.


“BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоор КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан демилгеленген жана Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Анын алкагында Кыргызстандын түштүгүндө жеке ишкерлер үчүн окутуулар, сынактар жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен конференция-семинарлар өтүүдө.
Бардык маалыматтарга кайрылуу