Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык жеке ишкерлерди Татарстан Республикасынын президенти Р.Н. Миннихановдун катышуусу менен бизнес-форумга чогултууда
КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык жеке ишкерлерди Татарстан Республикасынын президенти Р.Н. Миннихановдун катышуусу менен бизнес-форумга чогултууда
_______________________________
Буга чейин КРнын СӨПсы мүчөлөрүнө иш-чарага чакыруу таркаткан. Форум 19-ноябрда, “Орион” мейманканасында өтөт. Башталышы саат 11:00до. Кирүү тизмелер боюнча.
Эртең, 2021-ж. 18-ноябрында Кыргызстанга келүүчү делегациянын курамында, ошондой эле, премьер-министрдин орун басарлары, экономиканын ар кандай секторлорунун жетекчилери жана «КАМАЗ» АИ, «Соллерс Форд» ЖЧКсы, «Русойлтехнолоджи» ЖЧКсы, «Ядран» МКсы ж.б.у.с. 50 компаниялар бар.
Кыргызстандык тараптан бизнес-форумга КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары А. Аалиев, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымов, КРнын экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев, РФнын КРдагы элчиси Н. Удовиченко ж.б. катышат.
Кыргызтанга болгон иш сапарынын алкагында делегация, ошондой эле, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугуп, эки республиканын бизнес чөйрөйсүнүн кызыкчылыгында андан ары натыйжалуу, кеңири кызматташуу маселесин талкуулайт.
Кошумчаласак, форумда кыргызстандык жеке ишкерлер Татарстандын бизнес-коомчулугу менен В2В форматында түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, байланыштарды түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшө алышат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу