биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 2021-ж. 18-ноябрында КРнын Соода- өнөр жай палатасында жетекчилик менен Татарстандын премьер-министринин орун басары баш болгон бизнес-делегациянын жолугушуусу өттү


Бүгүн, 2021-ж. 18-ноябрында КРнын Соода- өнөр жай палатасында жетекчилик менен Татарстандын премьер-министринин орун басары баш болгон бизнес-делегациянын жолугушуусу өттү
_____________________________________


Кыргыз тараптан иш-чарага КРнын СӨПнүн президенти М. Д. Шаршекеев, СӨПнүн ага вице-президенти Р. П. Касымов, экономика жана коммерция министринин орун басары Ж.О. Абдураимов, КРнын РФдагы элчисинин кеңешчиси М. М. Жолдошбеков ж.б. катышты.

 

Делегация тараптан жолугушууга Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары, өнөр-жай жана соода министри А.А. Каримов, “ТРнын Соода-өнөр жай палатасы” бирикмесинин төрагасынын орун басары М.К. Ахматов ж.б. катышты. Мындан тышкары, иш-чарага эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрү чакырылды.

 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу пайдалуу кызматташуу үчүн эң эле келечектүү экономика секторлору талкууланды. Анын ичинде, А. А. Каримовдун айтымында, Татарстан сүт жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча Россияда биринчи орунда, ал эми дан эгиндери боюнча алгачкы бешилтикке кирет. Премьер-министрдин орун басары белгилеп кеткендей, Кыргызстан жана Татарстан ортосунда бизнес жаатындагы кызматташуу кеңейтүү оң.

 
Өз кезегинде КРнын СӨПнүн ага вице-президенти Р. П. Касымов эске салгандай, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүн реформалоо боюнча учурда белгилүү иштер жүрүп жатат. Мындай нерсе анын ыйгарым укуктарын кеңейтип, бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү менен мүчөлөрүнүн санын көбөйүшү күтүлүүдө.

 
Жолугушуунун жыйынтыгында татар тарап КРнын СӨПсын жана кыргызстандык жеке ишкерлерди эмки жылы май айында өтүүчү “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2022” 7-Эл аралык экономикалык саммитине чакырды. Аталган форум Россиядагы эң ириси болуп саналат жана 2019-жылы 70тан ашык өлкөлөрдү бириктерген.



Бардык маалыматтарга кайрылуу