биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти “Кыргызстан – Татарстан” бизнес-форумунда үй-бүлөлүк ишкердүүлүгүнүн ролун белгиледи


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти “Кыргызстан – Татарстан” бизнес-форумунда үй-бүлөлүк ишкердүүлүгүнүн ролун белгиледи
________________________

Иш-чара бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өттү. Бизнес-форумга Татарстан Республикасынын президенти Р. Н. Миниханов баш болгон расмий коноктор жана КРнын өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты.

 

 

 

КРнын СӨПнүн ага вице-президенти Роман Касымов “Кыргызстан жана Татарстан: кызматташуунун горизонттору” аттуу пленардык дискуссияда башкалардан тышкары аялдар бизнесинин маанилүүлүгүн дагы белгилеп кетти.

 

Анын айтымында, алынган маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эң туруктуу ишкердүүлүк – бул аялдар бизнеси. Ал көп учурда үй-бүлөлүк бизнеске айланууда. Мындай нерсе коңшу Россияда дагы байкалат – учурда бул өлкөдө үй-бүлөлүк ишкердүүлүк боюнча атайын мыйзам долбоор каралууда. Жакынкы арада бул тенденция Кыргызстанда дагы өнүгүшү мүмкүн, - деди Р. Касымов.


 

Кошумчалай кетсек, бизнес-форумдун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде, «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы менен «КамАЗ» АИ ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу бекитилди. Кызматташуу боюнча меморандумга Экономика жана коммерция министрлиги алдындагы мамлекеттик “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” менен Татарстандын “Адал стандарты боюнча комитети” мекемеси кол койду. Мындан тышкары, өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду Россиялык кооперация университети менен «Балачак» ЖЧКсы бекитти.

 

Форум В2В форматындагы жеке ишкерлердин сүйшөлүүлөрү менен көшөгөсүн жапты. Эске салсак, Кыргызстанга келген Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов баш болгон делегациянын курамына 70тен ашуун ишкерлер кирди.

 







Бардык маалыматтарга кайрылуу