Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 2022-жылдан тартып Германиянын Башкаруу кадрларын даярдоо боюнча программасы оффлайн режимге кайтат
2022-жылдан тартып Германиянын Башкаруу кадрларын даярдоо боюнча программасы оффлайн режимге кайтат
_____________________________
Бул тууралуу онлайн форматында өткөн Программанын Эл аралык жумушчу жолугушуусунда айтылды.
Белгилүү болгондой, COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылдан бери Программаны ишке ашыруу үчүн катышуучулардын Германияга сапарлары токтотулган жана окутуу онлайн форматта өтүүдө. Бирок 2022-жылдан тарта Программа жакшыртылган түрүндө сунушталып, виртуалдуу тренингдерди жана оффлайн-элементтерди камтыйт. Бул максатта атайы «МР Campus» санариптик окутуу жана коммуникациондук платформасы иштелип чыкты. Иш-чаранын ортосунда Кыргызстандан 21 катышуучу Германияга эки жумалык сапарга жөнөтүлүп, алар немистик бизнес-коомчулук менен түздөн-түз байланышат.


Эске салсак, Башкаруу кадрларын даярдоо боюнча программаны Германиянын Федералдык экономика жана энергетика министрлиги каржылайт. Кыргыз тараптан долбоорду КРнын Соода-өнөр жай палаты тескейт.
Бардык маалыматтарга кайрылуу