биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын долбоорунун алкагында Нидерланддын жана Кыргызстандын жеке ишкерлери ортосунда жолугушуу өттү


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын долбоорунун алкагында Нидерланддын жана Кыргызстандын жеке ишкерлери ортосунда жолугушуу өттү
_______________________

Онлайн форматындагы жолугушуу ушул жылдын 24-ноябрында болуп, виртуалдуу аянтчада 12 ата мекендик жана 6 нидерланддык компанияларды чогултту. Жалпысынан 30 жолугушуу өттү, - дешет BOOST долбоорунун өкүлдөрү.



Белгилей кетчү нерсе, чет элдик ишкерлер Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды импорттоого кызыктар. Өз тарабынан кыргызстандыктар Нидерландга жылына 400 тоннага чейин ар кандай продукцияларды жөнөтүүгө даярдыгын билдиришти. Учурда алар Түркия, Россия жана Европанын айрым мамлекеттерине өндүрүм ташууда.

Эске салсак, “BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоор КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан демилгеленген жана Европа биримдигинин жана башка донорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бардык маалыматтарга кайрылуу