Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы өз катарына дагы 33 жаңы компанияны кабыл алды
КРнын Соода-өнөр жай палатасы өз катарына дагы 33 жаңы компанияны кабыл алды
__________________________
Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 30-ноябрда КРнын СӨПнүн Президиумунун отрумунун алкагында өттү. Чогулушка Палатанын ага вице-президенти Р. П. Касымов төрагалык кылды.

Бул ирет компаниялардын көбү Ош облусунан болду. Дагы 10 компания Бишкектен жана бир жеке ишкер Нарын регионунда бизнес жүргүзөт. Буга чейин КРнын СӨПнүн Ош облусундагы Өкүлчүлүгү бул талапкерлерди колдоого алган.

Иш-чаранын жүрүшүндө компаниялардын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, узатылган суроолого жооп беришти.



Андан соң Р. Касымов КРнын СӨПнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыскача айтып кетти. Анын ичинде ага вице-президент белгилеп кеткендей, СӨП бизнес менен мамлекет ортосундагы көпүрө болуп, жеке ишкерлердин үнүн бийлик органдарына жеткирүүгө багыт алган. Мындан тышкары, бизнестин шарттарын өнүктүрүүгө конкреттүү сунуштарын бере алат.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Р. Касымов жаңы мүчөлөрдү СӨПтүн Комитеттери менен активдүү кызматташып, ишкердүүлүктүн көйгөйлүү маселелерин көтөрүүгө жана алар боюнча сунуштарды берүүгө чакырды.



33 компаниянын толук тизмеси бул жерде
33 компаниянын толук тизмеси бул жерде
Бардык маалыматтарга кайрылуу