Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн КРнын СӨПнүн Агро-өнөр жай комплекси жана кайра иштетүү өнөр-жайы боюнча Комитети тармактагы көйгөйлөргө карата сунуштарын берди
Бүгүн КРнын СӨПнүн Агро-өнөр жай комплекси жана кайра иштетүү өнөр-жайы боюнча Комитети тармактагы көйгөйлөргө карата сунуштарын берди
__________________________________
Комитеттин отуруму бүгүн, 30-ноябрда өттү.
Күн тартибине коюлган маселелер:
- Агро-өнөр жай комплекси жана кайра иштетүү өнөр-жайында логистиканы өнүктүрүү;
- Кампа жайлары, лабораториялар, айыл-чарба өндүрүмдү таңгактоо боюнча бирдиктүү тизмегин түзүү;
- АӨКтө жана КИӨдө көйгөйлөрдүн анализи, аларды жоюу боюнча сунуштар.
Башка сунуштар менен катар, Комитеттин мүчөлөрү органикалык айыл-чарбасын, кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүүнү; фермердик жана дыйканчылык чарбаларын бекемдөөнү туура көрүштү. Ал эми мамлекеттик органдарга бизнес-ассоциациялар менен чоогу АӨКтү өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгып, административдик тоскоолдуктарды жоюу, МЖӨнү өнүктүрүп, ветеринардык жана сертификациялык лабораториялардын кызматтарын санариптештирүү сунушталат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу