Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » ЭКСПО-2020 Дүйнөлүк көргөзмөсүндө Россия Федерациясынын павильонунун Генералдык комиссары Кыргызстандын экспозициясын көрүп чыкты
ЭКСПО-2020 Дүйнөлүк көргөзмөсүндө Россия Федерациясынын павильонунун Генералдык комиссары Кыргызстандын экспозициясын көрүп чыкты
_____________________________________________
Ошондой эле РФнын өнөр-жай жана соода министринин орун басары болгон Алексей Груздевдин сапары бүгүн, 30-ноябрда өттү.
Анын алкагында Кыргыз Республикасынын павильонунун жетекчилиги делегацияны экспозициянын тематикасы, бөлүмдөрү жана экспонаттары менен тааныштырып, көргөзмөгө коюлган ата мекендик продукцияны: “Аю холдинги” өндүргөн “Ала-Арча” жана “Артезиан” ашкана суусун, балдын түрлөрүн, “Рейнкетчер” компаниясынын инновациялык иштеп чыгуусун ж.б. көрсөтту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү аркылуу кызматташууну бекемдөө маселеси талкууланды. Аны менен катар А. В. Груздев кыргызстандык жеке ишкерлерди 2022-жылы июлда өтө турган 12-Эл аралык “Иннопром” өнөр-жай көргөзмөсүнө чакырды.
А. В. Груздевдин сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын павильонунун жетекчилиги РФнын павильонун 2021-жылы 14-декабрда уюштурулуучу ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө чакырды. Өз кезегинде ата мекендик павильонго Россия Федерациясы өткөргөн бардык ишкердүүлүк иш-чараларына катышуучу чакырыгы келип түштү.
Бардык маалыматтарга кайрылуу