биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Дубайда кыргызстандыктар БАЭнин Улуттук күнүнө карата жөө жүрүштө өлкө желегин салтанаттуу көтөрүп чыгышты


Дубайда кыргызстандыктар БАЭнин Улуттук күнүнө карата жөө жүрүштө өлкө желегин салтанаттуу көтөрүп чыгышты
____________________________________

Мааракелик майрамдын урматына иш-чара бүгүн, 2021-жылдын 1-декабрында өттү.  

Бириккен Араб Эмираттары быйыл мамлекеттин түптөлүшүнө 50 жылдыгын белгилеп жатат – алты монархиядан турган федерация дүйнөнүн саясий картасына 1971-жылы 2-декабрда түшкөн. Мааракелик датанын урматына “EXPO Дубай 2020” көргөзмөсүндө жаркын шоу-программалар, театралдашкан көрсөтүүлөр, белгилүү аристтердин жана бий топторунун коштоосунда көптөгөн маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Алардын бирине Кыргыз Республикасынын павильонунун кызматкерлери дагы катышып, “EXPO 2020» көргөзмөсүнүн башка 192 мамлекет-катышуучулары менен катар өлкө желегин марш-парадда көтөрүп чыгышты.



Эске салсак, Дубайдагы Дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында, ошондой эле, 2021-ж. 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү уюштурулат. Анын урматына маданий жана ишкердүүлүк программалар даярдалууда.


Бардык маалыматтарга кайрылуу