биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Словенияда көргөзмөлөрдү уюштуруучу алдыңкы компаниялардын бири КРнын СӨПүн жана кыргызстандык жеке ишкерлерди 2022-жылдын эл аралык ири иш-чараларына чакырды


Словенияда көргөзмөлөрдү уюштуруучу алдыңкы компаниялардын бири КРнын СӨПүн жана кыргызстандык жеке ишкерлерди 2022-жылдын эл аралык ири иш-чараларына чакырды
____________________________________________

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымов менен “Pomurski sejem» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Михаил Бабковдун онлайн жолугушуусу бүгүн, 7-декабрда өттү.

 

Аталган компания Горна Радгона шаарында жайгашып, Борбордук Европанын түштүгүндө жана Австрия, Венгрия, Хорватиянын региондорунда көргөзмөлөрдү уюштуруучулар арасында лидерлердин бири. Ал эми «Pomurski sejem” жыл сайын өткөргөн экспозициялары 90 миң м2 аянтта 2 миң 100дөн ашуун катышуучуларды жана 140 миң меймандарды чогултат.

 
Михаил Бабков  белгилеп кеткендей, 2022-жылы экономиканын ар кандай багыттары боюнча (аңчылык, балык улоо, активдүү эс алуу жана көңүл ачуу, курулуш, энергетика, айыл чарба, азык-түлүк ж.б.) 8 эл аралык көргөзмөлөрдү уюштуруу пландалууда.
Р. Касымов словениялык компаниянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, кызыктырган багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даярдыкты белгиледи.

Бардык маалыматтарга кайрылуу