биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Словениянын ири көргөзмө уюштуруучу компаниясы КРнын СӨПтүн Кыргызэкспоборбору менен кызматташууга кызыктар


Словениянын ири көргөзмө уюштуруучу компаниясы КРнын СӨПтүн Кыргызэкспоборбору менен кызматташууга кызыктар
_____________________________________

Бул тууралуу бүгүн КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымов менен жолугушууда “Pomurski sejem» компаниясынын директорлор кеңишинин мүчөсү Михаил Бабков  билдирди.

Анын айтымында, словениялык тарап кыргызстандык жеке ишкерлерди эл аралык көргөзмөлөргө чакырып турууга кызыктар. Бүгүнкү күндө “Pomurski sejem» Борбордук Европанын түштүгүндө өз тармагында мыктылардын бири. Өз кезегинде компания Кыргызэкспоборбор уюштурган көрөзмөлөргө словениялык делегацияларды жөнөтүүгө даяр.

Р. Касысымов өз тарабынан атайын программалардын алкагында ата мекендик жана словениялык жеке ишкерлер ортосунда стажировка өтүү менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлугүн карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, Словенияда өз өкүлчүлүктөрүн ачууну каалаган кыргызстандык ишкерлерди юридикалык жактан колдоо маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйнытыгында тараптар сунуштарды ишке ашыруу үчүн байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташуу боюнча документти иштеп чыгуу багытында иштөөгө макулдашты.


Бардык маалыматтарга кайрылуу