биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстандын жана Ирандын Палаталары биргелешкен Бизнес комитет түзөт


Кыргызстандын жана Ирандын Палаталары биргелешкен Бизнес комитет түзөт
______________________________

2021-ж. 6-ноябрында КРнын СӨПнүн ага вице-президенти Роман Касымов менен Ирандын Соода, өнөр-жай, тоо-кен жана айыл чарба палатасынын президенти Голамхосейн Шафеинин онлайн жолугушуусу өттү. Мындан тышкары, жолугушууга Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы (ИИР) Атайын жана Ыйгарым уктуу элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРдин КРдагы Элчиси Саид Харрази катышты.

Анын жүрүшүндө КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымов Кыргызстан ДСУда мүчө экенин белгилеп, бул чет элдик ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоодо жана ыңгайлуу шарттарды түзүүдө жеңилдиктерди берээрин айтып өттү. Мындан тышкары, КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгү Иран үчүн 180 миллион керектөөчүлөр менен бажы төлөмсүз рынокту ачат. Ал эми Кыргызстандын Евро Биримдиктен ЖПС+ макамын алышы кыргыз өндүрүүчүлөргө 6 миңге жакын товардык позицияларды Европага нөл ставкалар менен экспорттоого укук берет.

Өз кезегинде, ИИРдин ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Кыргызстанга Батыш жана Чыгыштын көпчүлүк мамлекеттерине чыгууга шарт түзүшү күтүлөт.

Тараптар эки өлкө ортосундагы жылдык товар алмашууну учурдагы 42 млн. доллардан 200 млн. долларга көбөйтүү керектигин колдошту.
Кыргызстан жана Ирандын Палаталарынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен Бизнес комитет түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Ал эки мамлекеттер ортосунда соода-экономикалык кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багыттталган. Күтүлгөндөй, Комитет эки тараптан инвестициялар агымына жана товар алмашууга жаңы дем берип, эки өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзөт.


Бардык маалыматтарга кайрылуу