биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында бүгүн, 13-декабрда «Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары» аттуу бизнес-форум ачылууда


Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында бүгүн, 13-декабрда  «Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары» аттуу бизнес-форум ачылууда
___________________________________

Иш-чара КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын соодага көмөктөшүү боюнча долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.

Бизнес-форумдун катышуучуларын жана конокторун КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык кызматташуу боюнча вице-президенти Засан Аль Хашеми жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов тосуп алып, сөз сүйлөшөт.

 
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видео тартууланып, андан соң бир катар макулдашууларга, меморандумдарга, келишимдерге кол коюу аземи өтөт.
Программанын кийинки бөлүгү презентациялар сессиясына арналган. Анда КРнын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ата мекендик компаниялардын ишмердүүлүк багыттары чагылдырылат.

Бизнес-форум В2В форматындагы сүйлөшүүлөр менен көшөгөсүн жабат. Ага Кыргызстандан 40тан ашуун жана БАЭден 70ке жакын компаниялардын катышуусу күтүлүүдө. Ишкерлер эки тараптан пайдалуу кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат

Кыргызстан тараптан компаниялар тамак-аш өнөр жайы, IT-индустрия, айыл-чарба, энергетика, курулуш, таза сууну өндүрүү тармактарын тааныштырат.

Белгилеп кетсек, аталган бизнес-форум дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында эртең, 14-декабрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук Күнүнүн алдында уюштурулуп жатат.


Бардык маалыматтарга кайрылуу