биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Дубайдагы “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форумунун жыйынтыгында 3 млн. доллардан ашык суммага келишимдер бекитилди


Дубайдагы “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форумунун жыйынтыгында 3 млн. доллардан ашык суммага келишимдер бекитилди
_______________________________

Иш-чара бүгүн, 2021-ж. 13-декабрында ЭКСПО-2020 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында өттү. Ага IT-индустрия, айыл-чарба, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика жана экономиканын башка секторлорунан 40ка жакын кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин айтымында, бизнес-форумдун жыйынтыгында эт, бал, кургатылган мөмө-жемишти жеткирүү боюнча 3 млн. 200 миң долларга келишимдерге кол коюлду.

Фото www.gov.kg  сайтынан

Эске салсак, “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форуму КРнын Инвестиция министрлиги жана КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан, БУУӨПтүн “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун жана BOOST долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Бардык маалыматтарга кайрылуу