биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » EXPO-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонун Дубай эмиратынын Башкаруучусу, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) премьер-министри жана вице-президенти шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактум көрүп кетти


EXPO-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонун Дубай эмиратынын Башкаруучусу, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) премьер-министри жана вице-президенти шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактум көрүп кетти
________________________________________________________________

Кечээ, 13-декабрда болгон бул сапардын алкагында, ошондой эле, бийик даражалуу мейман Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту.

Кыргызстандын дүйнөлүк көргөзмөгө катышуусун кубаттап жатып, Шейх Мохаммед EXPO-2020 кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныштырууга жана өлкөнүн келечекке карай көз карашын көрсөтүүгө аянтча болуп жатканын белгиледи.

 

Мындан тышкары, БАЭнын премьер-министри А. Жапаров менен эки тараптан кызыкчылыкты жараткан бир катар суроолор боюнча ой-пикири менен алмашып, ар кандай тармактарда, өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоодо кызматташууну активдештирүү жолдорун талкуулады.

Өз кезегинде А. Жапаров Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстан ортосундагы тыгыз байланышты жогору баалап, БАЭ ишке ашырууга жардам берген билим берүүчүлүк долбоорлорду белгилеп кетти.


Бардык маалыматтарга кайрылуу