биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов КМШ өлкө-мүчөлөрүнүн СӨПнүн башчыларынын жолугушуусуна катышты


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов КМШ өлкө-мүчөлөрүнүн СӨПнүн башчыларынын жолугушуусуна катышты
__________________________________

Бүгүн, 2021-ж. 17-декабрында өткөн “Ишкердүүлүк чөйрөнүн өнүгүүсүнө 30 жыл: жасалган иштер, соода-өнөр жай палаталарынын өнүгүүсүнүн магистралдык багыттары” аттуу иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 30 жылдыгына арналды.  

Отурумдун жүрүшүндө Роман Касымов Белоруссиянын СӨПнүн төрагасы Владимир Улахович, Армениянын СӨПнүн вице-президентинин м.а. Карен Иванов жана РФнын СӨПнүн вице-президенти Владимир Падалко менен ЕАЭБдин алкагындагы суроолорду талкуулады.






Анын ичинде: үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо, ЕАЭБдин ички рыногунда товарлар, кызматтар, капитал жана жумушучу күчтүн эркин айлануусуна тоскоолдуктар, Биримдиктин алкагында эл аралык коммерциялык арбитражды түзүүнүн келечеги жана ЕАЭБде өнөр жай кооперациясынын өнүгүшү үчүн СӨПтүн иштөө багыттары каралып чыкты.

Жолугушууда белгиленип кеткендей, Шериктештиктин 2030-жылга чейинки өнүгүү концепциясы ишкердүүлүк мамилелерди санариптештирүүнү, транспорттук коридорлорду жана бизнеске дагы таасирин тийзигип жаткан экология маселелерин камтыйт.  

Катышуучулар КМШ өлкөлөрүнүн потенциалы толук ачылбай жатканын моюнга алып, Шериктештикти, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө зарылчылыгын, олуттуу натыйжаларга жетүүгө тилектеш экенин белгилешти.

Бардык маалыматтарга кайрылуу