Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Өлкө боюнча экспорттоочу-компаниялар үчүн акысыз тренингдерди өткөрүү пландалууда
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын долбоорунун алкагында өлкө боюнча экспорттоочу-компаниялар үчүн акысыз тренингдерди өткөрүү пландалууда
_______________________________________
_______________________________________
Бул маселе 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Ирискулбеков менен “BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоорунун эл аралык эксперттери Наталия Гарбуз жана Айжан Мадымарованын Бишкектеги жолугушуусунда талкууланды.


Анын жүрүшүндө өлкөнүн бардык региондорунда ишкана-экспорттоочулар үчүн бажы операциялары жана процедуралары боюнча 3 күндүк окутууларды уюштуруу маселеси каралды.
Мындан тышкары, Ош шаарында Бажы иши жаатында квалификацияны жогорулатуу боюнча Окутуу борборунун филиалын ачуу талкууланды.
Бул демилгенин максаты – бажы кызматкерлеринин гана кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу эмес, ошондой эле, кичи жана орто бизнестин менеджерлерине кошумча билим берүү болуп саналат.

Эске салсак, “BOOST – Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу негизде иштейт” аттуу долбоор КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан демилгеленген жана Европа биримдигинин жана башка донорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Бардык маалыматтарга кайрылуу